AVN







ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ
 Apr 6, 2023  306

 Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинде 550300 Филологиялык билим берүү багыты боюнча магистрдик даража боюнча даярдалып жаткан магистранттар, тактап айтканда ФББ (КТ) маг-1-22 тайпасынын магистрлери “Илимий-изилдөө” 4 жумалык практикасынын аяктагандыгына байланыштуу, практиканын жүрүшүн жыйынтыктоо максатында конференция уюштурулду. Аталган конференцияга кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.Кадырова, ИМАДБнын жетекчиси Д.Чокоева жана кафедрадан бекитилген илимий жетекчилери, ошондой эле магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө кафедранын  практика жетекчиси Г.Кудайкулова практиканы өтөөдөгү кафедранын байланышы жөнүндө маалымат берип, магистранттардын отчет жазуудагы жетишкендиги, ийгилиги, кемчилдиги боюнча баса белгилеп өттү. Бул тууралуу магистранттар да түрдүү ойлорун айтышып, дегеле жалпы практика боюнча пикир сунуштарын билдиришти. Мындан сырткары илимий жетекчилери тарабынан да илимий иштери жөнүндө сөз болуп, талкууга алынды. Жыйынтыгында конференция ийгиликтүү аяктап өз максатына жетти.

  • ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ
  • ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ