AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН ЖАҢЫ ИЙГИЛИГИ

ЖАЛАЛ-АБАД  КОЛЛЕДЖИНИН ЖАҢЫ ИЙГИЛИГИ
 Mar 29, 2018  930

Азия өнүктүрүү банкы 2018-жылы суммасы 1 000 000 (бир миллион) АКШ долларлык долбоор жарыялаган. Аталган долбоорго ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи катышып, тандоо турунан өттү. Мындай маалыматты колледждин директору Бариса Турдубаева билдирди.

   Анын айтымында 2018-2023-жылдарга багытталган Азия онүктүрүү банкы тарабынан финансылык каржыланган “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” секторун онүктүрүү программасын эфективдүү ишке ашыруу максатында, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин тандоо комиссиясынын 2018-жылдын 13-февралындагы сунуштоосунун жана чен белгилерине ылайык кесиптик орто окуу жайларынын баалоосунун жыйынтыгынын негизинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен кесиптик орто окуу жайларынын төмөндөгү тизмеси бекитилди.

 Алдынкы тажрыйба борбору катары; Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжи, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи, Т. Кулатов атындагы Тоо-кен техникалык колледжи жана С. Нааматов атындагы агро-экономикалык колледжи табылды.

   Талыкпаган эмгектин артында мандайды жара сүйүндүрчү ийгиликтер турары бышык.  Мындай жеңиш жалпы университеттин жетишкени жана ийгилиги болуп саналат деген оюн кошумчалайт Б. Турдубаева.