Тараз шаарындагы М.Х.Дулати атындагы Тараз аймактык университетинде Казахстан, Кыргызстан, Өзбекстан. Тажикистан мамлекеттеринин немец тилчилеринин форуму болуп өттү. Бул форумга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык кафедрасынын доценти Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевна катышып келди. Орто Азия мамлекеттеринин немец тилчилеринин негизги максаты-мамлекеттер аралык достукту чыңоо, карым-катнаш кылуу, кош диплом алуу жана тажрыйба алмашуу. 2023-жылдын 5-апрелинде кафедранын доценти Ч.Асылбекова Тараз шаарында болуп өткөн форум жөнүндө кеңирээк маалымат берүү менен семинар өттү. Семинарга факультеттин методика иштери боюнча жооптуу Г.Жороева баштаган башка кафедралардын окутуучулары жана студенттер катышты. Семинарда форумда үйрөнүп келген тажрыйбалары менен тааныштырды жана кафедранын немец тилчи окутуучулары Кыргызстан немец тилчилер союзунун мүчөсү болгондуктан, Кыргызстан немец тилчилер союзу жана мүчөлөрүнүн аткарган иштери жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү жана материалдары менен тааныштырды. Ч.Асылбекова форумда сертификаттын ээси болду.