AVN







АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
 Apr 5, 2023  273

Физика жана информатика кафедрасынын окутуучулары графикке ылайык ачык сабактарды өтүп жатышат. 04.04.23 физика жана информатика кафедрасынын улуу окутуучусу Мурзалиев Каныбек физика боюнча окуу эксперименттери дисциплинасынан “Молекулалык физика боюнча демонстрациялык эксперименттерди уюштуруу” деген темада Ф-1-20 тайпасына  ачык лекциялык сабак өттү.

Сабактын жүрүшүндө студенттерге молекулалык физика бөлүмүнө тиешелүү болгон демонстрацияларды өтүүдө колдонулуучу приборлор менен демонстрацияларды көрсөтүп берди. Сабакта студенттерди активдештирип, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырды.

Ошону менен бирге студенттерге бүгүнкү күндө мектептерде физикалык куралдардын жетишсиздик көйгөйүн чечип, виртуалдык лабораторияларды колдонуу жолдору көрсөтүлдү. Сабак студенттер жана мугалимдер үчүн да кызыктуу болуп, ыраазычылыктарын билдиришти.

Буга чейин да кафедранын октуучулары С.Кыдыралиев, З.Иманкулов, Ж.Мамадразаков, Ү.Ажикулова, Д.Мажиева, Э.Молдокеримовалар ачык сабактарды өтүшүп, кафедранын окутуучулары катышып, тажрыйба алмашуулар болду.

  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
  • АЧЫК САБАК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ