AVN







АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК

АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК
 Apr 5, 2023  215

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин каржы (тармактары боюнча) жана экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) адистиктери  өзүн-өзү баалоо этабын аткарып, отчетторду Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигине тапшырган.

Үстүбүздөгү жылы  Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия экономика ПЦКсынын жогоруда аталган адистиктерин көз карандысыз аккредитациядан  өткөрдү.

Көз карандысыз аккредитация жыйынтыкталып ЖАМУнун кичи жыйындар залында ректор К.Усеновдун катышуусунда жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлүп, аккредитациядан өткөрүлгөн башка адистиктердин эксперттери сөз сүйлөп жыйынтыкталды.

Агенттик өкмөттүн 2016-жылдын 4-октябрындагы токтому менен бекитилген аккредитациянын талаптарынын (7 стандарт боюнча) аткарылышы боюнча тышкы баалоонун жыйынтыгында каржы (тармактары боюнча) жана экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча) адистиктерин  аккредитациядан өткөрүүнү сунуштады.

  • АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК
  • АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК
  • АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК
  • АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК
  • АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК
  • АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК
  • АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК
  • АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮК