AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ
 Apr 4, 2023  222

Медициналык коллежде Наманган 2-медициналык колледжи (Өзбекстан) менен академиялык мобилдүүлүк боюнча эки тараптуу келишим түзүлдү. Наманган 2-медициналык колледжинин директору Мадхаликов Эркинжон Тулкинжанович, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Мухитдинов Рахматулло Убайдуллаевич, кесиптик дисциплиналар боюнча окутуучу Юлдашев Хусанбой Маьруфжанович академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүү менен бирге колледждин иш-аракеттери менен таанышып чыгышты. Колледждин администрациясы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен пикир алмашышты.  Мындан ары кызматташууга кызыктар экендигин билдиришти.  

Эки колледждин ортосундагы академиялык мобилдүүлүктүн маселелери талкууланды, илим жана билим берүү жаатындагы кызматташуунун келечектүү багыттары белгиленди.

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛДҮ