AVN







ХИМИК СТУДЕНТ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ФЕРГАНА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

ХИМИК СТУДЕНТ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ФЕРГАНА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ
 Apr 4, 2023  194

Академиялык мобилдүүлүк программалары жакынкы чет өлкөлөрдөгү эки тараптуу кызматташууга  кеңири жол ачууда.

         Академиялык мобилдүүлүк программасынын башкы максаттарынын бири ‒ ааламдашуу доорунда дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги жогорку окуу жайлар  аралык интеграцияны, мобилдүүлүктү активдештирүү, окуу жайлар ортосундагы достукту чыңдоо, студенттерди жаңы окуу чөйрөсүнө аралаштырып, сабакка болгон атаандашууларын күчөтүү, билимдүү жана бирдиктүү жаштарды тарбиялоо  болуп  эсептелет.                        

          2022-2023-окуу жылынын жазгы семестринде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин  550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын химия профилинин студенти Расулова Шахноза академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбек Республикасындагы Фергана мамлекеттик университетинде билимин улантууда. Ш. Расуловага Фергана мамлекеттик университетинин жетекчилиги тарабынан бардык шарттар түзүлүп, жатакана менен камсыз болду жана аталган окуу жайдын студенттери менен бирдикте сабактарга катышып  билим алууда деп маалымдады кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова.

  • ХИМИК СТУДЕНТ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ФЕРГАНА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ
  • ХИМИК СТУДЕНТ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ФЕРГАНА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ