AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК УЛАНУУДА

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК УЛАНУУДА
 Apr 4, 2023  230

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын бир нече тайпаларындагы студенттер Кыргызстандагы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү ЖОЖдорго академиялык мобилдүүлүк алкагында барышып, билим алышып, тажрыйба алмашып келишүүдө. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы С.С. Сакиева билдирди.

Анын айтымында өткөн окуу жылында Казакстан Республикасынын Шымкент шаарындагы БОАИУде МЧББ-1-21 тайпасынын студенттери Гуламидин кызы Ооматхан жана Эргешова Мээрим Негизги билим беруу программасына (НББП) ылайык окуп келишти. Бул жылы да адатка айланган салтка ылайык МЧББ-1-20 тайпасынын студенти Кадыржан кызы Диана Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинде өзүнүн 550700 Педагогика багыты боюнча билим алууда. Жогорудагы аты аталган студент учурда кесиптик-базалык практикасын да Өзгөн районундагы “Куршаб” мектепке чейинки билим берүү уюмунда өтөп, отчетторун ийгиликтүү тапшырып, алтынчы семестрдеги дисциплиналарды активдүү өздөштүрүп жатат. Аны менен Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын мобилдүүлүк боюнча жооптуу адиси, улуу окутуучу А.Шишкараева тыгыз байланышта иш алып барууда.  Мындай саамалыктар факультеттин жана кафедранын кезектеги пландарында ишке ашырылып жатат.       

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК УЛАНУУДА
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК УЛАНУУДА
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК УЛАНУУДА
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК УЛАНУУДА