AVN







КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
 Apr 4, 2023  262

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жогорку математика жана МОТ кафедрасында  3-курстун М-1-20 тайпасынын студенттеринин кесиптик-базалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн инспектору Ж.Паязова, кафедра башчысы п.и.к., доц. А.Ураимхалилова, кафедранын практика жетекчиси Ш.К.Биримкулов жана практика жетекчилери-методисттер катышышты.

Конференциянын уюштурулушу студенттердин кесиптик-базалык практика мезгилинде учураган көйгөйлөрүнө, кемчиликтерине, жетишкендиктерине багытталып, эркин баарлашуу мүнөзүнө багытталып пландаштырылгандыктан, ар бир студент өздөрүнүн практикасында учураган көйгөйлөрдү айтып, ал көйгөй боюнча суроо-жооптор ар бир көйгөйдүн тегерегинде өз учурунда талкууланды, негизинен, студенттер: мугалимдин класстык, тарбиялык журналын, мугалимдин календардык-тематикалык планын, класстан тышкаркы иш-чараларды анализдөө, сабактарга катышуу жана аларга баа берүү, байкоо жүргүзүү, сабактарды уюштуруудагы көйгөйлөр, аларды чечүү методдору, сабак учурунда алдыга кеткен жана артта калган балдар менен иштөө методикасы, окуучулардын кабыл алуусу, окуучулардын билимин баалоо көйгөйлөрү боюнча талкуу болду, программа боюнча тиешелүү студентке аталган көйгөй боюнча иштин анализи берилип, калган катышуучулар ал көз-карашты колдоо же тануу менен ойлорун айтышып, тыянак чыгарылды.

Практикага чейин студенттердин алган теориялык билимдери, окуу жайдан жана мектептен ар бир практикантка бекитилген насаатчылардын көмөгү менен практиканы ийгиликтүү аякташып келишкендигин практиканттар айтышты.

М-1-20 тайпасынын студенттери үчүн кесиптик-базалык практика аларды дагы да кесипке багыттуулукту конкреттештиргендигин, дагы да көптөгөн изденүүлөрдү талап кылаарын айтышты, анткени окуу, тарбия, методикалык иштер бир гана билимге таянбастан, болочок мугалимден жогорку деңгээлдеги изденүүчүлүктү, өзүнүн үстүнөн иштөөнү, илимий изилдөө көндүмдөрүн калыптандыруу керек экендигин айтуу менен бирге оң позитивдүү маанайда катышышты.

  • КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
  • КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
  • КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
  • КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ