AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ӨСПҮРҮМГӨ ЖАРДАМ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ӨСПҮРҮМГӨ ЖАРДАМ
 Apr 4, 2023  212

Жалал-Абад колледжинде Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн инспекторлору С.Кыдырова, Д.Дилдебаева, Н.Эшбаеванын катышуусунда студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты – кылмыштуулукту алдын алууда ар кандай кырсыктарга бөгөт коюу, өспүрүм курагында адашып, терс жака бараткан багытын токтотуу, өспүрүмдүн жаштык кезин темир тордо өткөрбөө. Мындай жолугушуулар  колледждин социалдык  педогогу Р.Эгембердиеванын демилгеси менен өткөрүлүп келүүдө. Инспекторлордун кезектеги жолугушуусу энергетика, ветеринария, АС жана математика, дене тарбия ПЦКларынын 2- курстун студенттери жана кураторлору менен болду. Алар өспүрүмдөргө кылмыштуулукту алдын алуу, ар кандай кырсыктарга бөгөт коюу жана акыркы учурлардагы  топтошуп мушташуу, талап-тоноо, телефон уурдоо боюнча түшүндүрүшүп,  видео роликтер коюлду. Жалпысынан Жалал-Абад колледжинде 2000ден ашык студенттер билим алышат. Алардын көпчүлүгү 9-класстын базасы менен келген окуучулар. Кылмыштуулукту алдын алууда тыгыз иш алып баруу максатта студенттерге телефон номурларын калтырышты.

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ӨСПҮРҮМГӨ ЖАРДАМ
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ӨСПҮРҮМГӨ ЖАРДАМ