AVN







СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ

СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ
 Apr 4, 2023  191

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин экономикалык-юридикалык колледжжинин экономика ПЦКсынын окутуучусу Акылбек к В тарабынан  экономика жана бухгалтердик эсеп жана каржы тармактары адистигинин студенттери менен өз адистигине кызыгууну арттыруу максатында Жалал-Абад шаарындагы   KICB банкына экскурсияга барышты.

Банкта ар бир бөлүмдүн жетекчилери студенттер менен таанышып, жылуу кабыл алышты кредиттик бөлүмүнүн башкы адиси Казакбаева А.Н балдарга банктын ички процесстерин көрсөтүп, ар бөлүмдүн ишинин өзгөчөлүгү менен тааныштырды,банкттын продукттары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө ошондой эле банкттык карттарды пайдалануудагы коопсуздук эрежелери жөнүндө айтып берди.Банктын ичиндеги ар бир бөлүм менен тааныштырып,замандын талабына ылайык азыркы мезгилде карталарды колдонуу менен бирге автоматтык машиналардын кызматтарын да көрсөтүп берди.Кирешенин көпчүлүк бөлүгүн кредиттик кызмат көрсөтүүлөр түзөөрүн жана ошондой эле кардарлар менен өтө этияттуу мамиле жасашы керек экендигин айтып өттү.Акча которуулар Кыргызстан ичинде жана дүйнөлүк системаларды бири-биринен айырмачылыктарын айтып берди .

Студенттер тарабынан ар кандай кызыккан суроолор берилип, канааттандыраарлык жооп ала алышты.Экскурсиядан  активдүү катышкан студенттерге банк тарабынан чакан белектер берилди.Мындай жолугушуулар балдарга экономика  адистиги тууралуу так түшүнүк алуу мүмкүнчүлүгүн берип жана кесипти тандоодо жардам берет деп ишенебиз – дейт экономикалык-юридикалык колледжинин диектору Азиза Карбекова.

  • СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР БАНККА ЭКСКУРСИЯГА БАРЫШТЫ