AVN







ЖАМУГА 100 ЖЫЛ

ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
 Apr 3, 2023  330

        Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин университет катары түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Окуу жайдын 30 жылдык мааракесине карата кеңейтилген Окумуштуулар кеңеши жана концерттик программа уюштурулду.

      Б.Осмонов атында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, окуу жайдын түзүлгөнүнө 30 жыл ал эми түптөлгөнүнө 100 жыл болгонун айтып, терең тарыхы бар жалгыз университет экенине токтолду.

Урматтуу кесиптештер, Сиздерди бүгүнкү окуу жайыбыздын 30 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктайм. Бул жылдар аралыгында миңдеген адистерди даярдап, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө салым кошуп келе жатабыз. Бир катар мыкты адистер республиканын туш тарабында, чет өлкөлөрдө иштешүүдө. Жаш кадрларды даярдоодо заман талабына ылайык техникалык-базалар менен камсыздалып,окуу корпустары оңдоп-түзөлүп, жаңы окуу корпустар курулуп,  Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын алдынкы катарында келе жатабыз. Ошондой эле кызматкерлердин материалдык абалына кайдыгер карабастан, ар жылы окуу жайдын атайын каражатынын эсебинен айлык акыларды жогорулатуудабыз. Окуу жайдын 30 жылдык мааракесин утурлай апрель айынан тартып бардык кызматкерлердин маяналарына 30% кошумча кошулат – деди ректор К.Ж.Усенов.

    Андан сырткары жумушта жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар кызматкерлер ЖКнын, Билим берүү министрлигинин, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарык укуктуу өкүлүнүн, шаардык мэриянын жана окуу жайдын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

        Окумуштуулар кеңешинин соңунда маданий-эстетикалык борбору тарабынан майрамдык концерт тартууланды.

  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ
  • ЖАМУГА 100 ЖЫЛ