AVN







БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО

БАШКАРУУ     ПРАКТИКАСЫН      ЖЫЙЫНТЫКТОО
 Apr 3, 2023  263

550700 Педагогика багыты боюнча  магистрдик даража боюнча даярдалып жаткан магистранттар “Башкаруу практикасын”  2 жумалык “Башкаруу практикасынын”  аяктагандыгына байланыштуу, практиканын жүрүшүн жыйынтыктоо максатында  конференция уюштурулду. Конференцияга  педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, профессор С.С.Сакиева, п.и.к.,доцент Р.С.Нусупова, п.и.к., доцент К.М.Ураимов,  улуу окутуучу А.Э.Төрөбековалар катышты. Башкаруу практикасына магистранттардын бөлүштүрүлүшү, алар өтөгөн мектептер, практиканы  өтүүнүн сапаты, практиканын документтеринин толтурулушу, магистранттардын иш кагаздарынын абалы жөнүндө кафедра башчысы С.С.Сакиева токтолду. Доцент Р.С.Нусупова,  доцент К.М.Ураимов магистранттардын практика учурундагы аткарган жумуштарынын сапатына, практиканы өтөөдөгү кафедранын байланышы жөнүндө маалымат беришти. Улуу окутуучу А.Э.Төрөбекова магистранттардын отчет түзүүдөгү жетишкендиги, ийгилиги, кемчилдиги боюнча токтолуп өттү.  Магистранттардын бул практиканы өтөөдө учурдагы мектептердин башкаруу системасын окуп-үйрөнүү, мектептин жетекчилеринин, т.а. окуу бөлүмүнүн башчысынын, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарынын, методикалык бирикмелеринин милдеттери боюнча кызуу талкуу болду. Практика учурундагы аткарган иштери боюнча магистранттар Шерикбай кызы Айдай, Жакыпова Ширинай, Садыкова Шахида, Аширалиева Айдаана, Сайипова Курманжан, Ажыкулова Розалар чыгып сүйлөшүп, практика боюнча өздөрүнүн ойлорун, сунуштарын айтып өтүштү. Практикада аткарган жумуштары боюнча түзүлгөн отчетко, аларды тапшыруунун сапатын жакшыртуу боюнча магистранттарга сунуштар берилди. Магистранттар тарабынан суроолорго методисттер тарабынан жооп берилди. Башкаруу практикасынын  магистранттар тарабынан сапаттуу өткөндүгү  методисттер тарабынан белгиленди.

  • БАШКАРУУ     ПРАКТИКАСЫН      ЖЫЙЫНТЫКТОО
  • БАШКАРУУ     ПРАКТИКАСЫН      ЖЫЙЫНТЫКТОО
  • БАШКАРУУ     ПРАКТИКАСЫН      ЖЫЙЫНТЫКТОО
  • БАШКАРУУ     ПРАКТИКАСЫН      ЖЫЙЫНТЫКТОО