AVN







БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
 Apr 3, 2023  216

Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинин студенттери үчүн 24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата тарбиялык конок лекция уюштурулду. Анда конокто Кызыл Ай Коомунун Жалал-Абад облустук филиалынын кызматкери Раманкулова Шахзада "Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо" долбоорунун негизинде студенттерге түшүндүрмө ишин алып барды. Студенттер үчүн пайдалуу маалыматтар айтылып, лекция суроо-жооптор менен коштолду.

Мында негизинен төмөнкү суроолор каралды

  • Кургак учук оорусу боюнча жалпы маалымат
  • Негизги белгилери
  • Алдын алуу жолдору же кантип сактануу керек
  • Жуктуруп алган учурда эмне жасоо керек?
  • Кайсы мекемеге кайрылуу жана дарылануу жолдору

Ушул жана башка суроолордун тегерегинде туүшүндүрүү иштери болду. 

  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ