AVN

ПРАКТИКАНЫН ЖОЛ КАРТАСЫ – СТУДЕНТТЕРДИН ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН НЕГИЗИ

ПРАКТИКАНЫН ЖОЛ КАРТАСЫ – СТУДЕНТТЕРДИН ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН НЕГИЗИ
 Apr 3, 2023  318

Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын  экономика багытынын ФКк-1-20 жана БЭк-1-20 тайпаларынын студенттери учурда өндүрүштүк практикасын Жалал-Абад шаарында жайгашкан банк, салык, статистика жана финансы сферасындагы  ишканаларда  өтөп жатышат.

    Учурдагы практиканын программасы жаңыланып өткөн жылдагы практикалардан айырмаланып, программага студенттин, практика жетекчисинин жана өндүрүштөн практика жетекчисинин жол картасы жана илимий талдоо бөлүгү киргизилген. Анын негизинде студенттер  практиканын программасын аткарууда мыкты жыйынтыктарга жетишти.

  Практиканын алдында экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунда жайгашкан ишканалардын жетекчилери жана бүтүрүүчүлөрү менен практиканын жумушчу  программалары талкууланып жана сунуштардын негизинде каралып бекитилген эле.

   Практиканы өтүүдө Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева жана  бөлүмдүн адиси Ж.Паязова, кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов  жана практика жетекчилери тарабынан   студенттерге методикалык жардамдар көрсөтүлдү.

  • ПРАКТИКАНЫН ЖОЛ КАРТАСЫ – СТУДЕНТТЕРДИН ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН НЕГИЗИ