AVN







АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Apr 3, 2023  226

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин М-1-21 тайпасынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык 2023-жылдын 30-январынан 18-февралына чейин адаптациялык практикага өтөө үчүн Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы мектептерге жайгаштырылган.

Практика башталган күндөн тартып практиканттардын жол карта менен иштөөсү, ар бир практикант бөлүнгөн мектептерде математика мугалиминин иш-пландары, иш кагаздары, алар менен иштөө тартибин билүү, түшүнүү жана анализдөө зарылдыгы баса белгиленип келди.

Адаптациялык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы, практика боюнча жооптуу, ага окутуучу Ш.К.Биримкулов тарабынан пландаштырылып, кафедранын окутуучулары-методисттердин, студенттердин катышуусу менен өткөрүлдү. Конференцияга карьераны уюштуруу жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Ж.Н.Паязова катышып, рефлексиялык конференциянын болочок адистин адис катары калыптанышында эң алгачкы кадам болгону менен, зор таасири бар экендиги айтылды.

            Конференцияны кафедранын практика жетекчиси Ш.К.Биримкулов жетектеп, тайпанын старостасы программа менен тааныштырды. Студенттер төмөнкүдөй тартипте конференциянын жүрүшүн пландаштырышкан:

  1. А.Максуталиева мугалимдин календардык-тематикалык планын анализдөө боюнча;
  2. А.Сапарбаева мектептен бекитилген насаатчынын сабагына катышып, байкоо жүргүзүүсү боюнча;
  3. Медетбек кызы А. сабакта артта калган (психологиялык жардамга муктаж, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган) балдар менен иштөө боюнча;
  4. А.Дурусбекова, Максатбек кызы М. окутууда кездешкен кыйынчылыктар;
  5. А.Аманова окутуудагы кездешкен жетишкендиктер

аталыштарында практика мезгилинде жаралган көйгөйлөр боюнча өздөрүнүн баяндамаларын айтышты, калган студенттер да өз ойлорун билдиришти.