AVN







ЖУМУШ ОРДУНДА АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУ

ЖУМУШ ОРДУНДА АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУ
 Apr 3, 2023  193

Жалал-Абад колледжинин чет тилдер ПЦКдагы Атк-03-22 тайпасы жумуш ордунда окутуу боюнча шаардагы Курманбек  Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинде болушту.

Жумуш ордунда окутуу негизги чет тили дисциплинадан өтүлдү. Студенттерди лицейдин жетекчилиги жылуу тосуп алып, имарат боюнча экскурсия жасашты. Андан соң лицейдин  чет тили мугалими  Шукурулло Саидикрамов студенттерге аталган предметтен сабак өттү. Сабактын темасы Mr Indicisive. Modal verb-Might.

 Сабакты мугалим Mentimeter компьютердик колдонмонун жардамында студенттерге мээ чабуул жасоо менен баштады. Сабакты студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүнө негизделген сүйлөө, угуу, окуу көндүмдөрүн калыптандыруучу тапшырмаларды аткаруу менен өттү. Заманбап технологиялык каражаттын жардамында диалог угушуп, интерактивдүү көнүгүүлөрдү иштешти.  Жалал-Абад колледжинин чет тили окутуучусу А.Сопукулованын билдирүүсүндө студенттер лицейден англис тилин үйрөнүүгө мотивация алышып, шыктануу менен кайтышты.

  • ЖУМУШ ОРДУНДА АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУ
  • ЖУМУШ ОРДУНДА АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУ
  • ЖУМУШ ОРДУНДА АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУ
  • ЖУМУШ ОРДУНДА АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУ