AVN







СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТЫН ОКУУ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШИН УЮШТУРУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР

СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТЫН ОКУУ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ                    ИШИН  УЮШТУРУУДАГЫ      ТАЖРЫЙБАЛАР
 Apr 3, 2023  410

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин     П-1-19 тайпасынын студенттери  жети жумалык практиканы Жалал-Абад  шаарынын жана облусттун райондорунда  өтөштү. Практика учурунда  студенттер методисттер менен биргеликте кайтарым байланыш түзүү аркылуу өздөрүнүн алган теориялык билимдерин практикада колдоно алышты.  Ар бир студент өз алдынча ачык сабак уюштуруп, класс мугалими менен биргеликте иштешти. Практика учурунда тарбиялык иштер, класстан тышкаркы иштерди да жүргүзө алышты. Ал эми студент менен методисттин тандоосу боюнча окуу илимий-изилдөө иши да жүргүзүлдү. Азыркы учурдагы студентке коюлуучу бирден-бир талап окуу илимий-изилдөө ишин жүргүзүү болуп эсептелет. Студенттер тандаган темалары боюнча окуу-илимий изилдөө ишин жүргүзүп, алардын жыйынтыгын чыгарууга аракеттенищти. Ушундай иштер шаардагы  №14 С.Давлетов атындагы мектеп-лицейинде кесиптик-профилдик практиканы  4-курстун студенти Абдымомунова Гүлдана да өтөдү. Практиканттын тандаган темасы: “Адабий окуу сабагында окуучунун чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн технологиясы” деп аталып, ушул тема боюнча окуу илимий-изилдөө иштерин жүргүздү. Методисти профессор С.С.Сакиева менен биргеликте окуу илимий-изилдөө иштеринин иш-планы 7 жумалык мөөнөткө пландаштырылды. Эн алгач окуу китебиндеги окуучунун чыгармачылыгын  өнүктүрүүгө арналган суроо-тапшырмаларды, текстти талдоого карата сунушталаган окуу материалдарын, алардын оозеки жана жазуу формаларын, текстти талдоого карата сунушталган тексттин моделин, тексттердин түрүнө карата алардын сунушталышын анализдеп чыгуу тапшырмалары иштелди. Окуучунун чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн оозеки жана жазуу формалары, аларды колдонуудагы көйгөйлөр, окуучунун текстти окуусу жана түшүнүүсү, аларды колдонуунун технологиялары анализденди. Текстти окууда, аны талдоодо окуучунун чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн жол картасы түзүлүп, аны менен иштөөнүн технологиясы методисти тарабынан сунушталды.

Текст менен иштөөдөгү окутуунун салттуу жана активдүү методдорун тандоонун, аларды колдонуунун ынгайлуу экендиги практикант тарабынан жалпыланды, аларды колдонуунун  көйгөйлөрү анализденди. Тажрыйбада белгилүү болгондой, текстти талдоодо көбүнчө баланын китеп окуусуна өзгөчө маани берилгендиги практикант тарабынан анализденди. Практикант тарабынан окуучунун чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн интерактивдүү методдорду колдонуу аркылуу окуучунун чыгармачылыгын өнүктүрүү маанилүү экендиги белгиленди.  Буга далил катарында 2023-жылдын 30-мартындагы 2-класс үчүн уюштурган “Толубай сынчы” чыгармасы боюнча ачык сабагы далил боло алат. Окуучу текстти окуу жана түшүнүү менен каармандардын образын Венндин диаграммасы, билем, билдим, билгим келет стратегиларын колдонуу аркылуу сабактын ынгайлуу методдор менен уююштура алгандыгын далилдей алды. Окуу илимий-изидөөгө карата даярдаган материалдары класс мугалими Турумова Назгул, методисти профессор С.С.Сакиева тарабынан  жактырылды жана кийинки педагогикалык чыгармачылыгында пайдаланууга мүмкүн экендигин баса белгилешти. Класс мугалими Турумова Назгул практиканттын кесиптик-профилдик практика боюнча өтөгөн жумуштары жогорку денгээлде экендиги белгиленди.

  • СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТЫН ОКУУ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ                    ИШИН  УЮШТУРУУДАГЫ      ТАЖРЫЙБАЛАР
  • СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТЫН ОКУУ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ                    ИШИН  УЮШТУРУУДАГЫ      ТАЖРЫЙБАЛАР
  • СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТЫН ОКУУ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ                    ИШИН  УЮШТУРУУДАГЫ      ТАЖРЫЙБАЛАР
  • СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТЫН ОКУУ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ                    ИШИН  УЮШТУРУУДАГЫ      ТАЖРЫЙБАЛАР
  • СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТЫН ОКУУ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ                    ИШИН  УЮШТУРУУДАГЫ      ТАЖРЫЙБАЛАР
  • СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТЫН ОКУУ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ                    ИШИН  УЮШТУРУУДАГЫ      ТАЖРЫЙБАЛАР