AVN







ОКУУ- ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ

ОКУУ- ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ
 Mar 31, 2023  238

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика -юридикалык колледжинде үстүбүздөгү жылдын 30 мартында окуу планынын, окуу процессине ылайык салык жана салык салуу, каржы, экономика жана бухгалтердик эсеп адистиктеринин 2  курс студенттерин окуу- таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

Конференцияда жетекчилер З. Ахмедова, Э. Кадырова, А. Калмурзаева, Э. Калымбетова, Т.Ташбекова тарабынан студенттерге практика өтөөнүн максаттары жана милдеттери , жол картанын эрежеси, күндөлүк толтуруу эрежелери, студенттердин укуктары жөнүндө, практика учурунда сакталуучу техникалык коопсуздук эрежелери боюнча маалыматтар берилди.

Конференцияга ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, ЭЮКтун директору А.Б. Карбекова жана ЭЮКтун өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары Н. Айылчиева  катышышты.

  • ОКУУ- ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ
  • ОКУУ- ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ
  • ОКУУ- ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ
  • ОКУУ- ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ
  • ОКУУ- ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ