AVN







ДАТКА КӨМӨКЧҮ ЧОРДОНУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ

ДАТКА КӨМӨКЧҮ ЧОРДОНУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ
 Mar 31, 2023  244

Табигый-техникалык факультетинин 640200 Электроэнергетика жана электротехника багытында окуган ЭС-1-20, ЭЭСС-1-20 тайпаларынын студенттерин “Датка” 500/220/35кВ көмөкчү чордонунун түзүлүшү, негизги кызматы, функциясы,  көмөкчү чордондо жайгашкан коммутациялык аппараттардын, трансформаторлордун ж.б. электр орнотмолордун иштөө принциптери менен тааныштыруу максатында 28.03.2023 күнү электроэнергетика жана механика кафедрасы, Жалал- Абад электр тармактары ишканасы менен биргеликте өндүрүштүк ишканалардын базасында өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы боюнча экскурсия уюштурулуп, ишкананын жетекчилиги тарабынан атайын тааныштыруу үчүн кызматкерлер жана кызматтык унаа бөлүнүп берилди. Экскурсиянын жүрүшүндө өндүрүш кызматкерлери Датка 500/220/35кВ көмөкчү чордонунун окуу залында студенттер үчүн керектүү жана абдан кызыктуу сабак өтүп беришти. Учурдан пайдаланып Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын жетекчилигине, транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Э. Нуржановго жана “Датка” 500/220/35кВ көмөкчү чордонунун байланыш кызматынын инженери Т. Атамбековдорго терең ыраазычылык билдиребиз!

  • ДАТКА КӨМӨКЧҮ ЧОРДОНУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ
  • ДАТКА КӨМӨКЧҮ ЧОРДОНУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ
  • ДАТКА КӨМӨКЧҮ ЧОРДОНУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ
  • ДАТКА КӨМӨКЧҮ ЧОРДОНУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ