AVN

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ГАРМОНИЗАЦИЯЛОО – БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУГА КАДАМ

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ГАРМОНИЗАЦИЯЛОО – БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУГА КАДАМ
 Mar 31, 2023  436

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан  Негизги билим берүү программасын иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр, региондо жайгашкан өнөктөш ЖОЖдор  жана чет элдик өнөктөш ЖОЖдор менен талкулоо  жана “Мыкты бүтүрүүчү – келечектин мыкты адиси” -  аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш чарада негизги билим берүү программасын гармонизациялоодо окуу процессинин сапатын жакшыртуу жана адистерди даярдоодо базар экономикасынын шартындагы талаптар, жумушка орношуудагы критерийлер каралып, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын, студенттеринин ортосунда чоң дискуссия жүрүп, көптөгөн сунуштар жана суроолорго жооп алынды.

Иш чарага Казакстан Республикасынын Борбордук-Азия Инновациялык университетинин проректору э.и.д., профессор Игнашова Людмила Викторовна, Өзбекстан Республикасынын  Фергана политехникалык институтунун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы э.и.д., профессор Исманов Ибрахим Набиевич, Ош мамлекеттик  университетинин, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин, Кыргыз-Өзбек университетинин, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин экономика багытындагы кафедра башчылары, банк, салык, статистика жана финансы сферасындагы Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жайгашкан банктардын жана ишканалардын жетекчилери, ЖАМУнун окуу процессине тиешелүү бөлүмдөрдүн адистери жана бүтүрүүчүлөрү катышты.

Тегерек столдун экинчи “Мыкты бүтүрүүчү – келечектин мыкты адиси” -  аталышындагы маселеси боюнча экономика багыты боюнча аяктаган бүтүрүүчүлөр ийгиликтерин, өз ойлорун жана сунуштарын айтышып кафедранын профессордук-окутуучулар курамына ыраазычылык билдиришти. Ал эми кафедранын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөновдун сунушу менен экономика багытындагы бүтүрүүчүлөрдүн Ассоциациясы түзүлдү.  

Жыйынтыгында  иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр, региондо жайгашкан өнөктөш ЖОЖдор  жана чет элдик өнөктөш ЖОЖдордун өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштарды, негизги билим берүү программасын жана окуу планын түзүүдө толук камтуу менен ишке ашыруу керектигин баса белгилешти жана аткаруу иштери кафедранын жамаатына жүктөлдү.

  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ГАРМОНИЗАЦИЯЛОО – БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУГА КАДАМ