AVN







28-МАРТ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАРЫХЧЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

28-МАРТ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАРЫХЧЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Mar 31, 2023  221

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасында 28-март бүткүл дүйнөлүк тарыхчылар күнүнө карата тарых профилинде окуган студенттер жана кафедранын жалпы профессордук-окутуучулук курамы иш чара өткөзүштү. Кафедранын тарых илимдеринин кандидаты, профессорлор Айдаркулов Кадыркул Айдаркулович, Сулайманов Эртабылды Жолдошевич жана тарых кафедрасынын башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гулнара Абдуманоповналар кафедранын тарыхы жөнүндө сөз сүйлөшүп эскеришти жана кафедранын улук окутуучулары Рысбаева Жамиля Төлөнөвна, Токтогулов Абдимамат Аляровичтер сөз сүйлөшүп, студенттерге окуу процессиндеги кеп кеңештерин беришип өтүштү жана кафедранын жаш окумуштуусу тарых илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Халматов Кудратбек Абдувахабович өз сөзүндө ЖАМУда тарых адистигинин түптөлүү тарыхына токтолуп, андагы көйгөйлөр, жетишкендиктер жана бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери жана тарых адистигинин өзгөчөлүктөрү туралуу кенен айтып берди. Студенттер тарабынан да окутуучуларга суроолор берилип, жооптор жана куттуктоолор кабыл алынды.

Жалпы тарых кафедарсынын профессордук-окутуучулук курамы студенттерди кесиптик майрамы менен куттукташып жолугушуунун соңунда кызыкттуу окуялар менен маектешип, жолугушуу өз максатына жетти.

  • 28-МАРТ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАРЫХЧЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • 28-МАРТ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАРЫХЧЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ