AVN







ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК КОМПЕТЕНЦИЯНЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА ТАЛКУУ

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК КОМПЕТЕНЦИЯНЫ  КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА ТАЛКУУ
 Mar 30, 2023  253

 Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы имаратынын кичи жыйындар залында илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн уюштуруусу менен педагогикалык жана педагогикалык эмес адистиктердин практикаларында НИРСти (студенттердин илимий изилдөө ишин) кантип уюштуруу боюнча семинар өткөрүлдү.

Бөлүмдүн башчысы, ф.и.к., доцент Чокоева Дилбар Маматкуловна, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Нурия Султановналар студенттин илимий изилдөө ишинин практикада аткарылышы боюнча колдонмону талкууга коюшту. Семинарга факультет-колледжердин практика боюнча жооптуу кызматкерлер жана кафедра башчылар катышып колдонмону талкуулап, сунуштарын айтышты. Бөлүм башчылар, семинарга катышкан профессордук-окутуучулук курамдын көптөгөн суроолоруна жооп беришти. Натыйжада, катышуучулар студенттерде өз кесибине карата илимий-изилдөөчүлүк компетенцияны кантип калыптандыруунун тегерегинде туулуп жаткан көптөгөн суроолорго жооп алышты.  

  • ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК КОМПЕТЕНЦИЯНЫ  КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА ТАЛКУУ
  • ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК КОМПЕТЕНЦИЯНЫ  КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА ТАЛКУУ
  • ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК КОМПЕТЕНЦИЯНЫ  КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА ТАЛКУУ