АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
Mar 30, 2023 246
Жалал-Абад колледжинин энергетика ПЦКнын студенттерин окуу таанышуу практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Окуу таанышуу практикага ЭССк-2-21(9,11) ЭСк-2-21(9,11) тайпалардын студенттери барышат. Конференцияда аталган тайпалардын студенттери окуу таанышуу практикада аткарылуучу жумуштар жана практиканын максат, милдеттери менен тааныштырылды. Иш-чарага ЖАКтын практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Э.Ражапова , практика жетекчилери А.Курбанов. Г.Алимбаева, Х.Маматалиева , Ж.Капарова, Э.Беков жана энергетика ПЦКнын төрайымы С.Шаимкулова катышышты.
Аталган ПЦКдан билдиргендей студенттер практикада ушул жылдын 3-апрельден 15-апрельге чейинки мөөнөттө Жалал-Абад электр тармактары ишканасында жана ага караштуу райондук электр тармактарында практика өтөшөт.
ЖАКтын практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Э. Режапова өз сөзүндө студенттерге кесиптик жана жалпы компетенцияларын жогорулатууда, билимдерин тереңдетүүдө, үзгүлтүксүз өз алдынча билим алууда, коомдун алдында моралдык милдеттерди алууда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Каалоо-тилектерди утурлай ЖАКтын окуу-өндүрүштүк мастери Э.Сайназаров студенттерге өрт жана электр коопсуздук эрежелерин түшүндүрдү.
Конференциянын соңунда студенттерге жолдомолор менен жол карталар тапшырылды.