AVN







МАТЕМАТИКА – БУЛ ЖАРАТЫЛЫШ КИТЕБИ ЖАЗЫЛГАН ТИЛ

МАТЕМАТИКА – БУЛ ЖАРАТЫЛЫШ КИТЕБИ ЖАЗЫЛГАН ТИЛ
 Mar 30, 2023  273

Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары тарабынан пландаштырылган математикалык жумалыктын программасы боюнча  кафедранын окутуучусу М.Н.Нурматова тарабынан пландалган тегерек стол уюштурулду.

Иш-чаранын программасы жана өтүлүүчү мөөнөтү, өтүлүү тартиби 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин бардык курстарынын студенттерине алдын-ала билдирилген.

Иш-чараны кафедра башчысы, п.и.к., доц. А.Ураимхалилова катышуучуларга ийгиликтерди каалап, ачып берүү менен позитивдүү сөздөрдү арнап өттү.

Тегерек стол аныктама, айтылыш, турмушта колдонулушу, кесиптердеги колдонулушу 4 пунктунан турган интеллектуалдык картанын схемасы боюнча дискуссия жүргүзүүгө чакырылды.

         Катышуучулар дискуссияга кызуу катышышып, резонанс жараткан учурлар да болду. Модератор өз учурунда темадан алыстап кетип жаткан катышуучуларды теманын алкагынан чыкпоого чакырып турду, ар бир катышуучунун айтылган ойлору, позицися, себептери негизделген учурда модератор белги таратып турду.

Иш-чаранын жыйынтыгында ал белгилер топтолуп, эң активдүү катышкан группалар белгиленди. Натыйжада, эң активдүү катышкан тайпа болуп, М-1-21 тайпасынын студенттери табылды.

Катышуучулар тегерек столдо талкууланган суроолор боюнча өздөрүнө көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алгандыгын билдиришти.

  • МАТЕМАТИКА – БУЛ ЖАРАТЫЛЫШ КИТЕБИ ЖАЗЫЛГАН ТИЛ
  • МАТЕМАТИКА – БУЛ ЖАРАТЫЛЫШ КИТЕБИ ЖАЗЫЛГАН ТИЛ
  • МАТЕМАТИКА – БУЛ ЖАРАТЫЛЫШ КИТЕБИ ЖАЗЫЛГАН ТИЛ
  • МАТЕМАТИКА – БУЛ ЖАРАТЫЛЫШ КИТЕБИ ЖАЗЫЛГАН ТИЛ