AVN







ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ

ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
 Mar 29, 2023  272

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюшулган “Эр эмгегин – эл баалайт” аталышындагы кереге кеңеш Кыргыз Республикасынын биринчи премьер министри, көрүнүктүү саясий коомдук ишмер Исанов Насирдин Исановичтин 80 жылдыгына арналды.

Иш-чараны филология илимдеринин доктору, профессор К.Б. Калчекеев сөз сүйлөп ачып,  куттуктоо сөздү университеттин ректорунун атынан окуу иштери боюнча проректору т.и.д., профессор А.П.Алибаевге берди.  Профессор А.П.Алибаев кереге кеңештин катышуучуларын, профессордук-окутуучулук курамды, студенттерди кызуу куттуктап, ийгиликтерди каалады.

КРдин Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Э.М. Муратбекова, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор А.Д.Доранова, т.и.д., профессор А.Аширалиев, филол.и.д., профессор А.М.Эшиев, т.и.к., доцент А.Айдаркулов, филол.и.к, доцент Д.М.Чокоевалар баяндамаларды жана кызыктуу эскерүүлөрдү жасашты.

Кереге кеңешке көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер Н.И.Исановдун замандаштары Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү коомдук ишмер Т.Т.Тургамбаев, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын облустук бөлүмүнүн башчысы, белгилүү коомдук ишмер К.А. Тилекеев, Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы, ардактуу ардагер Д.М.Мамасалиев, Жалал-Абад облустук профсоюз комитетинин мурдагы төрагасы, белгилүү коомдук ишмер У.А.Акматов,  белгилүү коомдук ишмер М.А.Тургунбаевдер катышышып омоктуу ойлорун ортого салышып, маанилүү кептерин студенттерге айтышты.

Иш-чарага Э.Уметов атындагы педагогика, экономикалык-юридикалык, табигый-техникалык факультеттеринин жана медициналык, экономикалык юридикалык коллеждеринин профессордук-окутуучулук жана студенттери катышышты.

  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ
  • ЭР ЭМГЕГИН – ЭЛ БААЛАЙТ