ТАБИГЫЙ ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ ОШМУДА
Mar 29, 2023 402
Академиялык мобилдүүлүк программасы окуу жайлар ортосунда студенттердин ички карым-катышты чыңдоо жаңы идея, жаңы максаттардын пайда болушуна жакындан өбөлгө түзөт. Мындай ойду табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы Нуржан Арстанбекова билдирди.
Анын айтымында учурда бул багытта Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасынын Г-1-20 тайпасынын студенттери – Коконова Айкерим, Аманчураева Жаңылай, Акрамжанова Бегайым 2022-2023-окуу жылынын жазгы семестринде Ош мамлекеттик университетинин табият таануу,туризм жана айыл чарба технологиялары факультетинде билим алышууда.
Ош декларациясынын алкагында студенттер окуу планынын негизинде сабактарга катышуу менен гана чектелбестен, тарыхый жерлерге экскурсияга барышып, маданий-массалык, концерттик, оюн-зоок программаларына да активдүү катышууда – деп билдирди аталган кафедранын башчысы Н.Б.Арстанбекова.