AVN







ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ

ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
 Mar 29, 2023  285

ЖЧК DevCIT окуу борборунун IT жана ишкердик чөйрөсүндө окутуу кызматтарын, ошондой эле бүткүл Кыргызстан боюнча стартап командалары үчүн акселерация кызматтарын жана аларды жергиликтүү жана эл аралык инвестициялык программалардын демо-күнүнө даярдоону сунуштаган комплекстүү окууну DevCIT GIZ долбоорунун демилгеси (Кыргыз-немис долбоору "Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү") Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашыруу жана долбоордун алкагында жогорку окуу жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жигердүү саясатын ыкчам ишке ашырууну жана жаңы баштаган ишкерлер үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстарын ачуу пландарынын негизинде ЖОЖдун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу программасынын уюштурулушуна байланыштуу долбоорду ишке киргизүү үчүн DevCIT Окуу борбору тарабынан 6.02.2023-ж.-18.02.2023-ж. чейинки аралыкта гибрид форматында өтүлгөн тренингге Б.Осмонов атындагы ЖАМУдан Б.Н.Алымкулов Р.А.Төрөгулова жана Н.К.Мусакуловдор катышышып, сертификаттарга ээ болушту. Жогоруда аты аталган профессордук-окутуучулар тарабынан Жалал-Абад шаарындагы мекенине кайтып келген эмгек мигранттарын иш менен камсыз кылуу жана өз бизнесин ачууга көмөк көрсөтүү максатында Эл аралык кызматташтык үчүн немис коому (GIZ), шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде 28.02.2023-ж.- 25.03.2023-ж. чейин долбоордун алкагында ЖАМУда акысыз окуу курстары уюштурулуп, окууну ийгиликтүү жыйынтыктаган эмгек мигранттарына сертификаттар тапшырылды. Демо-күн программасы белгиленип, чакырылган конокторго алар өздөрүнүн бизнес ойлорун тааныштырып өтүштү.

Өткөрүлгөн иш чарага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору тех.и.к., доцент Куваков Сталбек Женишбекович, тарбия жана социалдык иштер боюнча проректору Турдубаев Эсенбек Каныбекович, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Алтынбекова, шаардык  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Айнура Асанова, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин өкүлдөрү, ЖИА Бизнес  Ассоциациясынын,  РСК банкынын, Керемет банктын өкүлдөрү  жана  ишкерлер катышышып, мекенине кайтып келген эмгек мигранттарынын  иштерине ийгиликтерди каалап өтүштү – деп билдирди  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов

  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ
  • ЖАМУДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ОКУУ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛДУ