AVN







АКЫЛ ОРДО – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ

АКЫЛ ОРДО – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
 Mar 29, 2023  454

Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары тарабынан пландаштырылган математикалык жумалыктын программасы боюнча 15.03 күнүнө 2-иш-чара бардык курстарынын арасында интеллектуалдык таймашка кезек келди.

Программадагы иш-чаралардын тартиби боюнча кафедранын окутуучусу Н.А.Мамарасулова “Акыл ордо" таймашын өткөрдү. Таймашта жалпы 4 команда катышып, ар бир командада бештен студент болду.

Интеллектуалдык таймашты ачып берүү үчүн, Э.Уметов атындагы ПФнын деканы филос.и.к., доцент Р.К.Шамшиевке сөз берилди. Өз кезегинде калыстар тобу дайындалды жана катышуучуларга тааныштырылды, калыстар тобунун төрайымы, илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, филол.и.к., доцент Д.М.Чокоева, мүчөлөрү аталган кафедранын башчысы п.и.к, доц. А.Ураимхалилова жана окутуучу М.Сулайманова.

Таймаштын башында алып баруучу Н.Мамамарасулова оюндун максатын айтып,  командаларды тааныштырып, ар бир команданын аттарын жактап беришин суранды. Таймаш 2 турда өтүлдү, негизинен логикалык суроолор камтылды.

Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан чыгарылды; 1-орунду 2 команда “Джордж Буль” жана “Чексиз” командалары ээлешти, 2-орунду “Альфа”, 3-орунду “Пифагор” командалары ээлешти.

Калыстар тобунун төраагасы таймаш жана анын катышуучулары жөнүндө сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалап, иш-чараны жыйынтыктады.

  • АКЫЛ ОРДО – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
  • АКЫЛ ОРДО – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
  • АКЫЛ ОРДО – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ