AVN

ОКУТУУ ПРОЦЕССИН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ АШЫРУУДА АТА-ЭНЕЛЕРДИН ОРДУ

ОКУТУУ ПРОЦЕССИН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ АШЫРУУДА АТА-ЭНЕЛЕРДИН ОРДУ
 Mar 29, 2023  275

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы 550700 Педагогика багытында билим алып жаткан студенттери менен Ата-энелер жыйналышы болуп өттү. Ата-энелер жыйналышына факультеттин деканы, доцент Р.К.Шамшиев катышып, окутуу процессинин жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Кафедра башчысы, профессор С.С.Сакиева студенттердин активдүүлүгү, заман талабына ылайык компетенттүү адистин даярдалышы андагы көйгөйлүү маселелер жөнүндө айтып өттү.

         Жыйналышта окутуудагы кредиттик технологиялардын Жобосу, жайкы семестрдин Жобосу, китепкана, студенттерге түзүлгөн шарттар, окуу процессинин жүрүшү, АВН порталы, портал менен окутуучулардын жана студенттердин иштөөсү, студенттердин маалыматы, маалымат менен ата-энелердин иштөөсү, сабактарга катышуу тартиби жөнүндө маалымат берилди.

         Ошондой эле кафедранын улук окутуучулары С.Ч.Осмоналиева, А.К.Шишкараева, окутуучулар Мокуева Нускайым, Раимкул кызы Айжамалдар окутуу процессин ийгиликтүү ишке ашыруу, көйгөйлүү маселелердин чечилиш жолдору, студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн ата-энелердин колдоосу жөнүндө эң жакшы билдирүүлөрдү жасашты.

         Жыйынтыгында, ата-энелер окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана өз уул-кыздарынын ийгиликтери менен таанышышты. Окуу жайга ыраазычылыктарын билдирип, жакшы маанайда жылуу пикирлерин билдиришти.  

  • ОКУТУУ ПРОЦЕССИН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ АШЫРУУДА АТА-ЭНЕЛЕРДИН ОРДУ