AVN







“ТЕҢ-ТЕҢИ МЕНЕН”

“ТЕҢ-ТЕҢИ МЕНЕН”
 Mar 28, 2018  921

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин кыздар кеңешинин төрайымы Рабия Эгембердиеванын демилгеси аркылуу  26-март күнү “Тең-теңи менен” аттуу кыздарга жыйналыш  өткөрүлдү.

  Жыйынга 100дөн ашуун колледжде билим алып жаткан кыздар катышышты. Аларга пайдалуу кеңештер айтылып, аялзатына тиешелүү оорулар жөнүндө маалыматтар берилип, анын  алдын алуу туурасында кеңеш берилди. Андан сырткары кыздардын кызыккан суроолоруна кеңири түшүнүк берилди.

  Улуттун ден соолугу энелердин колунда. Болочок энелердин ден соолугуна кам көрүү максатында жогорудагы жыйынды уюштурдук. Замандын өнүгүшү менен оорулардын түрү да өсүүдө. Бирок, ар кандай жынытык жугуштуу дарттар туурасында жаш кыздарыбыздын маалыматы аз. Кыздар биздин тукум улоочулар, болочок энелер, алардын дени сак болсо, улуттун дени сак болот – дейт Р. Эгембердиева.

  • “ТЕҢ-ТЕҢИ МЕНЕН”