AVN







ТЕМПЕРАМЕНТ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

ТЕМПЕРАМЕНТ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ
 Mar 28, 2023  342

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти, п.и.к., М.Ж.Найманбаев  К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык  университетинин педагогикалык багыттагы адистиктерине психология  предмети боюнча   “Конок лекция”  өтүп келди.

    Лекцияга англис тили, педагогика, дене тарбия адистиктеринин студенттери жана окутуучулар катышышты.   Лекция “Темперамент” деген темада болду.

Лекцияда төмөндөгү суроолор каралды

1. Темперамент жөнүндө түшүнүк.

2. Темпераменттин табиятын түшүндүрүүчү негизги теориялар.

3. Темпераменттин түрлөрүнө психологиялык мүнөздөмө.

     Темперамент түшүнүгү, изилдөө тарыхы, психологиялык мүнөздөмөлөр камтылып, слайддар менен көрсөтүлдү. Темпераменттин түрлөрү боюнча мисалдар сүрөттөр аркылуу чагылдырылды жана кыскача жыйынтыктоочу тест колдонулду.

Лекциянын акырында суроо-жооптор болуп, кызыктуу жыйынтыкталды.