AVN







АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА АДАБИЙ ЖАРМАНКЕ БОЛДУ

АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА АДАБИЙ ЖАРМАНКЕ БОЛДУ
 Mar 28, 2023  255

Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын  окутуучулары С.Тобокелова жана Д.Тажибаева тарабынан “Адабият аркылуу тил үйрөнөбүз ” аттуу адабий жарманке уюштурулду. Иш чарага студенттер активдүү катышып  өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Жарманкеге  Жалал-Абад  колледжинин директору Б.М.Турдубаева,окуу иштери боюнча директорунун орун басары А.Маматумаров,окутуучулар  жана студенттер катышышты. Иш чаранын алкагында  китеп көргөзмөсү да уюшулуп, БКМб-2-21 ,БКМк-2-21 ,БКМк-3-21 тайпалары көркөм адабияттар менен тааныштырып,презентация жасашты.

Башталгыч  класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсы тарабынан уюштурулган иш чаранын максаты  ар бир элдин тилин, тарыхын, руханий баалуулуктарын, маданиятын,  каада-салтын сактоого жана даңазалоого шарт түзүү, өз мекенине,  эне тилине болгон сый-урматты кеңейтүү жана улуттар аралык достук мамилелерди, карым-катнашты чыңдоо болуп саналат – дейт уюштуруучулар.

  • АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА АДАБИЙ ЖАРМАНКЕ БОЛДУ