AVN







КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ
 Mar 28, 2023  255

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин физика жана информатика кафедрасынын ФМББ багытынын И-1-19 жана Ф-1-19 тайпаларынын студенттери менен окуу графигине ылайык 2023-жылдын 27-марттынан 6-майына чейин боло турган кесиптик-профилдик практикага жөнөтүү алдындагы конференция болуп өттү.

Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошалиева,  факультетин деканы ф.и.к., доцент Р.Шамшиев, кафедра башчысы п.и.к., доцент Р.Нусупова жана практика жетекчилери Р.Төрөгулова жана Ү.Ажыкулова катышышып, практиканын максаты, милдеттери менен тааныштырып, практиканын отчётун даярдоо боюнча багыт беришти.