AVN







ТОГУЗ КОРГООЛ АКЫЛ-ЭС ОЮНУ

ТОГУЗ КОРГООЛ АКЫЛ-ЭС ОЮНУ
 Mar 28, 2023  209

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде студенттердин жана окутуучулардын спорттук жашоосун жакшыртуу максатында улуттук оюндар лабораториясы түзүлдү.                  

         Лаборатория заманбап эмеректер менен жабдылып, сабак өтүүгө шарт жаратылды. Лаборатория улуттук оюн тогуз коргоол жана ордо  оюндарына ылайыкташтырылган. Лаборатория дене тарбия мугалими М. Разаков тарабынан  түзүлүп, азыркы күндө иштеп жатат. Ошондой эле кызыккандар үчүн тогуз коргоол оюну боюнча ийрим уюштуруу пландалып жатат.

       Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты түгөнүп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол улуттук оюну пайда болгон, тогуз коргоол акыл-эс оюнун кыргыз эли гана ойнойт экен. Өзүңүздөр билгендей, биздин спортчулар Азия жана дүйнө чемпионаттарында жакшы жыйынтык көрсөтүп жатышат. Лабораториянын ачылышы – бул улуттук оюндарды өнүктүрүп жатабыз дегендикке жатат, муну менен бир гана дене тарбия жагын эмес, окуп жаткан студенттерибиздин интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн да өстүрүүгө жардам беребиз – деди М. Разаков.

  • ТОГУЗ КОРГООЛ АКЫЛ-ЭС ОЮНУ
  • ТОГУЗ КОРГООЛ АКЫЛ-ЭС ОЮНУ