AVN







СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Mar 28, 2023  201

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата 100 иш чара жана ф.-м.и.д., профессор Алыбаев Курманбек Сармановичтин 70 жылдыгына карата" Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасы 2022-2023-окуу жылынын 13-мартынан 18-мартына чейинки математикалык жумалык   деп жарыяланган жумалыктын экинчи күнү 14.03.2023 кафедранын ага окутуучусу Биримкулов Шамшарбек Карачбаевичтин жетекчилигинин астында ФМББ(М)-1-20 тайпасынын студенттеринин активдүү катышуусу менен илимий конференция өткөрүлдү.

Конференцияда студенттер математиканы окутуу багытындагы түрдүү суроолордун үстүндө илимий докладдарды окушуп, презентация жасашты. Докладдардын мазмуну боюнча студенттер кызуу талкуу жүргүзүштү.

Илимий конференциянын жыйынтыгында кафедранын окутуучуларына: п.и.к., доц.Ураимхалилова А., ага окутуучу Шарапов С.Т, окутуучулар Сулайманова М., Бекназарова М. сөз сүйлөп сунуштарын беришти. Студенттер конференцияда талкууланган темалар боюнча өздөрүнүн теориялык жана практикалык билимдерине керектүү, пайдалуу билидерди ала алышкандыгын, ыраазычылыктарын билдиришти.

  • СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ