AVN







АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА - МЫКТЫ АДИС БОЛУУНУН БАШАТЫ

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА - МЫКТЫ АДИС БОЛУУНУН БАШАТЫ
 Mar 28, 2023  350

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин 550700 Педагогика багытынын  П-1-21, Пк-1-21 жана МЧББ-1-21 тайпаларына адаптациялык-педагогикалык  практиканы уюштуруу конференциясы болуп өттү. Окуу планына жана графигине ылайык  практиканы 27.03.2023-15.04.2023 чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарынын орто мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында өтөйт.

Адаптациялык-педагогикалык  практиканы уюштуруу жана өндүрүштүк практиканын ЖОБОсу боюнча педагогика, психология жана окутуунун технологиялары  кафедрасынын төмөндөгү окутуучулары маалымат беришти:

-конференцияны ачуу менен бирге адаптациялык-педагогикалык  практикада   студент-практикант билим берүү мекемесинде  өзүн алып жүрүүсү, ички тартиби боюнча кафедра башчысы,  п.и.д. профессор С,С. Сакиева;

-адаптациялык-педагогикалык практиканын максаты жана милдеттери, жол карта менен иштөө  жөнүндө кафедранын практикага жооптуу  окутуучусу Н.Ш.Мокуева;

-күндөлүктү толтуруу, практиканын отчеттуулугу, практиканы баалоо критерийлери жөнүндө улук окутуучу А.Э.Төрөбекова;

-мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ишмердүүлүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө улук окутуучу А.К.Шишкараева;

- практика учурунда студент-практиканттардын жана окуучулардын, тарбиялануучулардын психологиялык абалы жөнүндө п.и.к.,доцент Ж.Тажибаева;

         Адаптациялык практика Жалал-Абад шаарынын №4, №5, №13  жалпы билим берүүчү орто мектептеринде, №14, №19, №21 мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарына бөлүштүрүлдү. Студенттерге кафедранын окутуучу-методисттери тарбынан түзүлгөн жол картасы, практиканын отчетторун толтуруунун, аны жүргузуү боюнча маалыматтар практиканы уюштуруу боюнча түзүлгөн телеграмм группага электрондук варианты жүктөлгөндүгү маалыматы берилди. Студент өзүнө керектүү материалды алып, өз алдынча иштей алат. Суроолору болсо да ушул группа аркылуу, же  AVN  порталы аркылуу байланыша ала тургандыгы жөнүндө кенен сөз болду.

Конференцияда студенттердин суроолоруна адаптациялык-практиканы уюштуруу жана жетектөө боюнча   дайындалган  окутуучулар  жооп берип, кызуу талкуу болду.

  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА - МЫКТЫ АДИС БОЛУУНУН БАШАТЫ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА - МЫКТЫ АДИС БОЛУУНУН БАШАТЫ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА - МЫКТЫ АДИС БОЛУУНУН БАШАТЫ