Математикалык жумалыктын үчүнчү күнү биздин урматтуу, ардактуу агайыбыз, “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим-изилдөө институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.С.Алыбаев "Гармоникалык функциялар жана алардын колдонулуштары" деген темада баяндама окуду.
Илимий баяндамага арналган иш-чараны факультеттин деканы, филос.и.к., доцент Р.К.Шамшиев ачып берди, ал өз сөзүндө агайдын көптөгөн жетишкендиктерине, илимий чөйрөдөгү салымына токтолуп кетти.
Иш-чарага математика адистигинде окуган студенттер, кафедранын окутуучулары жана профессор К.С.Алыбаев агайдын шакирттери: ИИМСИнин илимий иштер боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент М.Нарбаев, ИИМСИнин окуу бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Т.Нарымбетов ОшМУнун ага окутуучулары А.Акматов, Ш.Матановдор катышышты. Баяндама 2 саат убакытка созулуп, иш-чаранын катышуучулары үчүн кызыгуу жаратты, суроо-жооптор талкууланды.
Иш-чаранын соңунда жогорку математика жана МОТ кафедрасынын башчысы А.Ураимхалилова агайыбыздын басып өткөн жолун айтып, илимий чөйрөдөгү жетишкендиктерин баса белгилеп, каалоо-тилектерди жолдоду.