AVN







ИШКАНАДА КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ

ИШКАНАДА КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ
 Mar 27, 2023  269

Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасында экономика багытындагы студенттерге иш берүүчүлөр тарабынан конок лекциялар уюштурулуп келет. Конок лекцияда теория менен практиканын байланышына баа берилип, аларды өркүндөтүүнүн жолдору, инновациялык технологияларды колдонуу, окутуучу, иш берүүчү менен студенттердин ортосундагы байланыш  практикаланып келе жатат.

 Конок лекция Жалал-Абад шаарында жайгашкан ЖАК “KICB” банкынын филиалынын башкы кеңсесинде өткөрүлүп, ага экономика багытынын (профилдер бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана кредит)  3-курстун студенттери катышты. Конок лекция «Аудит» предметинен  “Банктагы аудит” темасы боюнча ЖАК “KICB” банкынын Жалал-Абад шаарындагы филиалынын директору Атабеков Курсантбек Аскарбекович жана э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович тарабынан биргеликте өтүлдү.

  • студенттер үчүн учурда банктарда акча каражаттарын сактоонун мааниси, эсебин алуу жана көзөмөлдөө боюнча кеңири маалымат беришти. Лекцияда суроо-жооптор талкууланып, конок лекциянын жүрүшү студенттер үчүн кызыктуу болду. Практикалык сабакты банктын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Кочкорова Анара Максатовна жана бизнести өркүндөтүү бөлүмүнүн башчысы Абдрахманов Азизбек Абдрахманович тарабынан практика жүзүндө өткөрүлүп, студенттерге кызыгуу жаратты. Конок лекцияда банктын жетекчилиги менен  экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын  башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович пикир алмашышып, жыйынтыгында банк менен тыгыз кызматташуу ишин алып баруу каралды жана кафедранын  жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдирилди.

  • ИШКАНАДА КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ
  • ИШКАНАДА КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ
  • ИШКАНАДА КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ
  • ИШКАНАДА КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ
  • ИШКАНАДА КОНОК ЛЕКЦИЯНЫ УЮШТУРУУ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ