AVN

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН АЛДЫНДАГЫ ОКУТУУ СЕМИНАРЫ

 Mar 27, 2023  274

25-март күнү ФМББ багытынын И-1-19 жана Ф-1-19 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрү менен “Практика-предметтик стандарт” аталышындагы окутуу семинары физика жана информатика кафедрасынын кафедра башчысы, п.и.к., доцент Р.С.Нусупованын жетекчилиги менен уюштурулду.

Семинарда студенттердин практика учурундагы кездешкен көйгөйлөрү, сабакты пландаштыруу, өтүүдөгү, сабактын планын жазууда  пайда болгон маселелери кенири талкууланып, студенттерди түйшөлткөн суроолорго жооптор алынды. Студенттер предметтик стандарт менен иштөөнүн жолдору менен таанышышты жана аны колдонуп, сабакты пландаштырууну, сабактын планын жазууну, сабактын максатын SMARTка ылайык жазууну,  күтүлүүчү натыйжаларды аныктоону практикалык көнүгүүлөр аркылуу үйрөнүштү.

Окуучулардын билим сапатын баалоонун түрлөрү, баалоону жүргүзүү жолдору менен таанышып, талкуулашты. Студенттер практика учурунда пайда болгон суроолоруна жоопторду алгандыгын, практиканын алдында бул семинардын уюштурулушу  өз учурунда болгондугун, практикалык, методикалык жардам алгандыгын белгилешти.

  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН АЛДЫНДАГЫ ОКУТУУ СЕМИНАРЫ