AVN







УЛГАЙГАН ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРИЛҮҮДӨ

УЛГАЙГАН ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРИЛҮҮДӨ
 Mar 27, 2023  210

Жалал-Абад мэриясынын 2023-жылдын 17-февралында келген №39-б “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык Жалал-Абад шаарында 2023-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында шаарыбыздын жалгыз бой улгайган жашоочу Абдылбапова Райкан энеге экономикалык-юридикалык факультетинин  профессордук- окутуучулук курамы тарабынан моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Экономикалык-юридикалык факультетинин деканын э.и.д.,профессор Аскарова Айнура Каныбековна жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Нурия улгайган жарандын көңүлүн алып баарлашып, материалдык жардам көрсөтүп келишти.

  • УЛГАЙГАН ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРИЛҮҮДӨ