AVN

ЖОЖДОР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ- ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ

ЖОЖДОР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ- ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ
 Mar 27, 2023  273

            Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынан п.и.д., профессор С.С.Сакиева, п.и.к К.М.Ураимов жана улуу окутуучу С.Ч.Осмоналиевалар К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин педагогика кафедрасы менен педагогикалык кызматташтыкта иштеп келишүүдө. Учурдагы өткөрүлгөн кызматташтыктын алкагында педагогика багытында билим алып жаткан  студенттери  жана кафедранын кызматкерлери менен окутуунун методикасына багытталган “Адабий окууга үйрөтүүдө окуу жана түшүнүү технологияларын колдонуу” аталышында конок лекция, практикалык баарлашуулар жүргүзүлдү. Иштин жүрүшүндө “Адабий окууга үйрөтүүдө окуу жана түшүнүү баскычтары жана стратегиялары” боюнча текст менен иштөө, баарлашуу, болжолдоо, визуалдаштыруу, графикалык көрсөткүчтөр, суроолордун түрлөрү, текстке сын көз караш менен кароо, карама-каршы пикир жаратуу, жыйынтыктоо жана башка иштөөнүн жолдору боюнча маалымат берилди жана практикалык тапшырмалар менен бекемделди.

             К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеинин илимий иштер боюнча проректору, профессор Т.Т.Омошев жана педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Д.К.Сулайманова педагогикалык кызматташтык мындан ары да уланаарын белгилеп, ыраазычылык менен жылуу пикирлерин билдиришти.

  • ЖОЖДОР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ- ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ