AVN







ТОМСК ПОЛИТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ТОМСК  ПОЛИТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН  ОНЛАЙН  ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Mar 25, 2023  243

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  табигый-техникалык факультетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасынын окутуучулары жана студенттери менен Томск политехникалык университетинин химиялык технология багытынын  жетекчилигинин ортосунда онлайн жолугушуу болуп өттү.

      Жолугушуунун модератору х.и.к., доцент  Б.Эрназарова эки окуу жайдын өкүлдөрүн тааныштыруу менен сөздү  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасынын  башчысы Н.Б.Арстанбековага берди. Ал өз сөзүндө окуу жайдын табигый илимий билим берүү багыты (химия, биология, география), анда даярдалып жаткан бакалавр жана магистратура программалары жөнүндө кеңири маалымат берди.

          Жолугушууга   Томск политехникалык университети тарабынан  х.и.д., профессор,  Ан Владимир Вилорьевич, т.и.к., доцент  "Минералдык жана техногендик сырьену кайра иштетүү боюнча процесстер жана аппараттар" магистрдик программасынын жетекчиси Тихонов  Виктор Владимирович  жана т.и.к., доцент  Долинина Алеся Сергеевналар катышышты.  Химия илимдеринин доктору, профессор,  Ан Владимир Вилорьевич “Химиялык технология” багыты боюнча окутуучуларга жана студенттерге  маалымат берип, магистратуранын күндүзгү бюджеттик бөлүмүнө бакалавр программасынын  бүтүрүүчүлөрү тапшырышса боло тургандыгына токтолду жана студенттердин, окутуучулардын  суроолоруна жооп беришти.

       Эки окуу жайдын ортосундагы факультеттер жана кафедралык аралык байланыштар мындан ары да улана бермекчи.

  • ТОМСК  ПОЛИТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН  ОНЛАЙН  ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ТОМСК  ПОЛИТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН  ОНЛАЙН  ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ТОМСК  ПОЛИТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН  ОНЛАЙН  ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ