AVN







“КӨЧМӨНДӨР – 2018” ОЮНУНА СПОРЧУЛАР ТАНДАЛУУДА

“КӨЧМӨНДӨР – 2018” ОЮНУНА СПОРЧУЛАР ТАНДАЛУУДА
 Mar 28, 2018  884

ЖАМУнун педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  “Дене тарбия”  кафедрасынын ДТк-2-16 тайпасынын студентти Элдияр Сексенбаев  “Көчмөндөр – 2018” оюнуна катышууга жолдомо алды. Мындай маалыматты аталган факультеттен кабарлашты.

    Э. Сексенбаев ушул жылдын март айында Бишкек шаарында болгон Республикалык жана Эл аралык          алыш күрөш боюнча 2- турнерге катышып,  байгелүү 2-3 орундарды багындырган.  Жыйынтыгында 2018-жылы өткөрүлүүчү “Көчмөндөр – 2018” Дүйнөлүк оюнуна жолдомо алды.

    Ал Эл аралык турнерлердин жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, спорт чебери. Ал эми спортчунун  ийгилиги менен факультеттин деканы  п.и.к., доцент Сапарбек Ажыкулов куттуктап, мындан ары дагы ийгиликтер коштоп, факультеттин , университеттин намысын коргоп даңкын чыгарып жүрө беришин каалап өткөн.