AVN







АЯЛЗАТЫ-ЭНЕ ЖАШОО БАШАТЫ ЖАНА ЭЖЕКЕЛЕРГЕ ТААЗИМ АТТУУ ИШ-ЧАРА

АЯЛЗАТЫ-ЭНЕ ЖАШОО БАШАТЫ ЖАНА ЭЖЕКЕЛЕРГЕ ТААЗИМ АТТУУ ИШ-ЧАРА
 Mar 25, 2023  222

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинде 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата, чакан программадагы маданий иш-чара болуп өттү. Уюштурулган иш-чарада слайд көрсөтүлүп, обондуу ырлар жана эне жөнүндө эжекелер жөнүндө көркөм окуулар окулуп,“Аялзаты-эне, жашоо башаты, үйдүн куту” –  жаркыраган жаздын жылуу илеби менен кошо келген майрам-аялзатынын мээримдүүлүгүн, назиктигин жана сулуугун айгинелейт деп куттуктоо сөзүн айтып тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Нурия белгилеп кетти.

Аягында факультеттин жалпы эжекелерине белектер тапшырылып, майрамдык маанай тартууланды. Иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.

  • АЯЛЗАТЫ-ЭНЕ ЖАШОО БАШАТЫ ЖАНА ЭЖЕКЕЛЕРГЕ ТААЗИМ АТТУУ ИШ-ЧАРА
  • АЯЛЗАТЫ-ЭНЕ ЖАШОО БАШАТЫ ЖАНА ЭЖЕКЕЛЕРГЕ ТААЗИМ АТТУУ ИШ-ЧАРА
  • АЯЛЗАТЫ-ЭНЕ ЖАШОО БАШАТЫ ЖАНА ЭЖЕКЕЛЕРГЕ ТААЗИМ АТТУУ ИШ-ЧАРА
  • АЯЛЗАТЫ-ЭНЕ ЖАШОО БАШАТЫ ЖАНА ЭЖЕКЕЛЕРГЕ ТААЗИМ АТТУУ ИШ-ЧАРА