Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы Насирдин Исановдун 80 жылдыгын майрамдоо жөнүндө ПЖ №30 Жарлыгын аткаруу максатында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-19 тайпасында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КРнын туңгуч премьер министри Н.Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган куратордук саат өтүлдү.
Куратор Гүлбара Жороева алгач коомдук ишмер Н. Исановдун өмүрү, ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле тайпанын студенттери А. Токторалиева, М. Толубаевалар өздөрү даярдап келген слайд жана баяндамаларында Кыргызстандын мыкты инсаны Н. Исановдун өмүр таржымалы, ийгиликтери жөнүндө айтышты. Студенттер өздөрү билген маалыматтар менен бөлүшүп коомдук ишмердин Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң экендигин эскеришти.