AVN







ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ
 Mar 24, 2023  220

Электрэнергетикасы жана механика кафедрасынын жетекчиси К. Кокумбаева жана улук окутуучу К.Султаналиева 17-март күнү ЭЭСС-1-20, ЭС-1-20 тайпасына өндүрүштүк практиканын сапатын жогорулатуу максатында 110/35/6-10кВ Жалал-Абад көмөк чордонундагы электр жабдыктарын түзүлүшү (өздүк керектөө, оперативдүү ток булактары системалары) боюнча лекциялык окууларын өткөрүп келишти.

Ишкана тарабынан 110/35/6-10кВ Жалал-Абад көмөк чордонунун башчысы А. Абдималиков жана ДЭМ ПС М. Султаналиевдер көмөк чордонундагы ар бир электр орнотмонун иштөө принциби, түзүлүшү жөнүндө кеңири маалымат беришти. Мисалы трансформаторду, выключательдерди, разьединительдерди ремонтко чыгаруу үчүн кандай баскычта өчүрүүнүн, ремонт иштери бүткөндөн кийин кайра кошуунун ар бир этабын түшүндүрүп беришти. Жалпылап айтканда  өтүлгөн сабак өз максатына жетип, студенттер тарабынан берилген суроолорго жетишээрлик деңгээлде жоопторду ала алышты десек болот. Учурдан пайдаланып 110/35/6-10 кВ Жалал- Абад көмөкчү чордонунун жетекчиликтерине терең ыраазычылык билдиребиз!

  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ
  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ
  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ
  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ