AVN







НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
 Mar 24, 2023  186

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын жамааты студенттери менен биргеликте Нооруз майрамын белгилешти.

Майрамда студенттер ата-бабадан мурас катары өтүп, ушул күнгө келип жеткен Нооруз майрамы тууралуу түшүнүк алышты. Бул майрамда сөзсүз түрдө сүмөлөк кайнатылаарын баары билишет. Норуз бул ыймандуулукка, адептүүлүккө, ата-эне, эл-журт алдындагы милдетин сезе билүүгө жана патриоттуулукка тарбиялайт.   

Жаздын келишин жар салган Нооруз майрамында элибизге ынтымак, жергебизге тынчтын жана токчулук каалап, майрамдын келип чыгуу тарыхын жаштарга айтып бердик. Кийинки муун ата-бабадан калган каада-салт, үрп адаттарды билип, колдонуп жүрүүсүн үйрөтүү биздин милдет – дешет аталган кафедранын окутуучулары.   

  • НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ