AVN







АТА- ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ

АТА- ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Mar 23, 2023  300

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасында химия, биология, география адистигинин студенттеринин ата-энелери менен чогулуш өткөрүлдү. Чогулушка карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева, факультеттин деканы Ж.Б. Шамиев, кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова,  1-4-курстардын кураторлору, ата-энелери катышышты.

          Жыйында  кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова келген ата-энелерге  университет, факультет, кафедра  жөнүндө жалпы маалымат берди. Факультеттин деканы Ж.Б.Шамиев  окуу жайда студенттердин билим алуусуна толук шарттардын түзүлгөндүгүн, студенттердин билим алуусу AVN системасы менен бааланып жаткандыгына токтолуп, ар бир ата-эне өзүнүн уул-кызынын жетишкендигин, сабакка катышуу - жетишүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн, уюлдук телефондорунан ЖАМУнун сайтына кирип AVN порталынан текшерип турууну сунуштады.

          Чогулуш ата-энелердин суроо-жооп, сунуш пикирлери менен коштолуп, ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жеткиликтүү жоопторду ала алышты. Чогулуштун аягында ата-энелерге анкета таратылды, окууда жана коомдук иштерде активдүү катышып, өзгөчөлөнгөн  студенттердин ата-энелерине  факультеттин ыраазычылык каттары тапшырылды.

         Ата-энелер окуу жайдын  окуу лабораториялары, китепкана, спорттук зал, студенттердин ашканасы менен таанышып чыгышты. Соңунда ата-энелердин атынан Апышева Райкан,Абдыкерим Сартбаев, Тешебаева Айсулуулар  окуу жайдын жетекчилигине, билим жана тарбия берген окутуучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да окуу жай менен тыгыз байланышта болоорун билдиришти.

  • АТА- ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • АТА- ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • АТА- ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • АТА- ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • АТА- ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ