AVN







КОМПЕТЕНТТҮҮ БҮТҮРҮҮЧҮ - ОКУУ ЖАЙДЫН КҮЗГҮСҮ

КОМПЕТЕНТТҮҮ БҮТҮРҮҮЧҮ - ОКУУ ЖАЙДЫН КҮЗГҮСҮ
 Mar 23, 2023  317

Жогорку окуу жайындагы негизги маселе заманбап бүтүрүүчүнү даярдоо болуп эсептелет.Бүтүрүүчүнүн моделинде көрсөтүлгөн натыйжаларга жетишүүнүн жыйынтыктарын мектеп практикасында ишке ашыруунун үстүндө 550700 Педагогика багыты боюнча педагогика, психология жана окутуунун технологилары кафедрасынын кызматкерлери п.и.д., профессор С.С.Сакиева, п.и.к.,доцент М.Ж.Найманбаев, п.и.к. К.М.Ураимов, улук окутуучулар А.Э.Төрөбекова жана С.Ч.Осмоналиевалар Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте бүтүрүүчүлөрдүн мектеп практикасындагы иш аракеттери, иштөө шарттары, теориялык билимдеринин практикада колдонулушу, кесиптик компетенттүүлүгү, кесиптик ийкемдүүлүк, кесиптик ишмердигине карата коюлган талаптар, мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарын аткаруу жөнүндө талкуу жана пикир алышуу болду. Талкууда бүтүрүүчүлөр тарабынан классты башкаруу жана кызматташуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, критикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн калыптандыруу, чыгармачылык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүү жолдору боюнча суроолор талкууланды. Бүтүрүүчүлөр: С.Мурзаева (РБББнүн методисти), А.Абдикадырова (№7 М.Мамбеталиев атындагы мектеп гимназиясы), Алманбет кызы Айзирек  (№6 Б.Осмонов атындагы мектеп гимназиясы), Жаныбек кызы Акпейил, Садыкова Шахида (№2 А.Нышанбаев орто мектеби) мектептеринде бүтүрүүчүлөр алдыңкы иш тажрыйбаларды көрсөтүп жатышкандыгы РБББ тарабынан белгиленди.  

  • КОМПЕТЕНТТҮҮ БҮТҮРҮҮЧҮ - ОКУУ ЖАЙДЫН КҮЗГҮСҮ
  • КОМПЕТЕНТТҮҮ БҮТҮРҮҮЧҮ - ОКУУ ЖАЙДЫН КҮЗГҮСҮ